Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Сын-Таш айылдык кеңешинин «Сын-Таш айылдык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдорду жана чечимдерин расмий жарыялоо жана коомдук көзөмөлдү камсыз кылуу жөнүндө» токтому
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралындагы № 70/10-29
Сын-Таш айылдык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдорду жана чечимдерин расмий жарыялоо жана коомдук көзөмөлдү камсыз кылуу жөнүндө Сын-Таш айылдык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун жана чечимдердин ачыктуулугун камсыз кылуу, аларды жергиликтүү калкка өз убагында жеткирүү, ошондой эле алардын ишке ашырылышына коомдук көзөмөлдү күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабры № 217 “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кабыл алат:
1. Сын-Таш айылдык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун долбоорлору жана акыркы чечимдери жергиликтүү калкка өз убагында жеткирилсин жана расмий жарыялансын.
2. Кабыл алынган токтомдорду айыл аймагындагы эл көп чогулган жерлердеги расмий маалымат такталарына (стенддерге), Сын-Таш айыл өкмөтүнүн маалымат тактасына (дареги: Ысык-Ата району Тельман айылы Школьная көчөсү №32) жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштыруу милдети айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине жана Сын-Таш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Султановага жүктөлсүн.
3. Аталган расмий маалымат такталарына жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган токтомдор расмий жарыяланган катары эсептелип, юридикалык күчкө ээ болот.
4. Сын-Таш айылдык кеңешинин бардык сессияларынын протоколдору, кабыл алынган токтомдору жана чечимдери мамлекеттик (кыргыз) тилинде гана кабыл алынсын жана расмий жарыялансын.
5. Белгиленген тартипте, зарылчылык келип чыккан учурларда гана (мыйзамда каралган өзгөчө учурларда же тиешелүү суроо-талаптар болгондо) документтердин тексттери расмий (орус) тилине которулушу мүмкүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы:
М.Ш.Кучкачев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Закон «О праве на доступ к информации»Закон · 29.12.2023 · № 217
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123