Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Электр энергиянын карызын жоюу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы № 4
Электр энергиянын карызын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №126 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө” Жобонун 6-пунктуна ылайык "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечимине ылайык жергиликтүү бюджетте турган бюджеттик мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн карыздарын жоюуга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп бере алат" жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 19-январындагы №02-01-10/319 катынын негизинде Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Манас айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин электр энергиясы үчүн пайда болгон карызды жоюу үчүн 70629 бөлүмүнүн 2231 беренесине 2100,0 миң сом бөлүнсүн.
2. Тиешелүү документтерди даярдоо жана сунуштоо Манас айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.С.Бекибаевага милдеттендирилсин.
3. Электр энергиясы үчүн карыздардын суммасы такталып, тиешелүү мекемелер менен биргеликте салыштыруу актылары жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы А.М.Исаковага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.
Төрайым
Р.К. Момунова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.