Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2026-жылдын 5-февралы № 17/1
Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесин жетекчиликке алып, Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундуларын угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттары 1-тиркемеге ылайык 223646,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2027-жылга болжолу 2-тиркемеге ылайык 249733,6 миң сом, 2028-жылга болжолу 3-тиркемеге ылайык 278257,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Өзгөн шаардык мэриясы 2026-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзсүн.
4. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
5. Киреше булактарынан кармалган киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
6. Патенттин негизиндеги салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
7. 2026-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 34671,3 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык шаардын мэринин резервдик фонду 3000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык төлөнүүчү төлөмдөрдү Өзгөн шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөөгө макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин, Өзгөн шаардык мэриясынын муниципиалдык кызматкерлеринин жана башкы эсепчисинин эмгек акысына ай сайын бир кызматтык маянанын өлчөмүндө үстөк акы, МММБ департаментинин муниципалдык кызматкерлеринин жана кварталдык комитеттеринин башчыларынын эмгек акысына ай сайын 70% кызматтык маянанын өлчөмүндө, башкы эсепчисинин эмгек акысына ай сайын бир кызматтык маянанын өлчөмүндө үстөк акы, Өзгөн шаардык кенешинин техникалык тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысына ай сайын бир кызматтык маянанын өлчөмүндө үстөк акы 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөп берилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №240 токтомуна ылайык менчик жеке автомобилин кызматтык сапарларга пайдалангандыгы үчүн Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына мэриянын транспорттук чыгымдар статьясынан каржылоого макулдук берилсин.
10. Элге социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн 272131 “Элге жеңилдиктер” статьясынан 3320,0 миң сом, 27216 “Өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткандарга кайтарымсыз жардам” статьясынан 2000,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
11. 2027-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүргүзүлүүчү накталай акча 3000,0 миң сомдон кем эмес суммада белгиленсин.
12. Өзгөн шаарынын 2025-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 201714,6 миң сомго, чыгаша бөлүгү 312550,9 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин. Шаардын бюджетинде 2026-жылдын 1-январына карата 11652,6 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын.
13. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2026-жылдын 1-январына карата 5,8 миң сом өлчөмүндө эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын жана мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
14. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2025-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2025-жылга шаардык бюджетте калган 1786.9 миң сом эркин калдыктын 1732,1миң сому бюджеттик каражаттарга, ал эми 54,8 миң сом атайын каражаттарга каржыланганы эсепке алынсын.
15. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2026-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
16. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
17. Өзгөн шаарында таштанды ташып чыгаруу жыйымы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
19. Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
Төрага
Н.Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2026-жылдын 5-февралындагы кезектеги XVII сессиясынын №17/1 токтомунун 1-тиркемеси Өзгөн шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин долбоору
№
Кирешелер
Суммасы, миң сом
1
Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы
164071,0
2
Патент негизиндеги салык
20000,0
3
Турак-жай эмес мүлккө салык
1507,3
4
Турак жайга же жайга мүлк салыгы
550,0
5
Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
2 560,0
6
Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
6680,5
7
Акиташ, курулуш ташы
100,0
8
Беттегич таштар
200,0
9
Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым
41,0
10
Жер үчүн ижара акы
4300,0
11
Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым
491,8
12
Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым
135,0
13
Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым
10,0
14
Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
23000,0
КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
223646,6
№
Чыгашалар
миң сом
1
Мамлекеттик башкаруу
31671,3
2
Шаар мэринин резервдик фонду
3000,0
3
Турак-жай чарбасы
139020,2
4
Маданият бөлүмү
5994,5
5
Билим берүү бөлүмү
38640,6
6
Социалдык коргоо бөлүмү
5320,0
ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
223646,6
Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы М.Розахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2026-жылдын 5-февралындагы кезектеги XVII сессиясынын №17/1 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2027-жылга карата бюджетинин болжолу
№
Кирешелер
Суммасы, миң сом
1
Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы
190158,0
2
Патент негизиндеги салык
20000,0
3
Турак-жай эмес мүлккө салык
1507,3
4
Турак жайга же жайга мүлк салыгы
550,0
5
Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
2 560,0
6
Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
6680,5
7
Акиташ, курулуш ташы
100,0
8
Беттегич таштар
200,0
9
Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым
41,0
10
Жер үчүн ижара акы
4300,0
11
Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым
491,8
12
Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым
135,0
13
Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым
10,0
14
Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
23000,0
КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
249733,6
Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы М.Розахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2026-жылдын 5-февралындагы кезектеги XVII сессиясынын №17/1 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2028-жылга карата бюджетинин болжолу
№
Кирешелер
Суммасы, миң сом
1
Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы
218682,0
2
Патент негизиндеги салык
20000,0
3
Турак-жай эмес мүлккө салык
1507,3
4
Турак жайга же жайга мүлк салыгы
550,0
5
Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
2 560,0
6
Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
6680,5
7
Акиташ, курулуш ташы
100,0
8
Беттегич таштар
200,0
9
Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым
41,0
10
Жер үчүн ижара акы
4300,0
11
Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым
491,8
12
Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым
135,0
13
Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым
10,0
14
Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
23000,0
КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
278257,6
Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы М.Розахунов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Указ Президента КР от 1 августа 2022 года УП № 266 "Об условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Указ · 01.08.2022 · № 266
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 240 "О мерах по упорядочению использования служебного и дежурного автотранспорта государственных…Постановление · 30.04.2022 · № 240