Исхак-Полотхан айылдык кенешинин 2026-жэылдын 17-февралындагы №54 «Исхак-Полотхан айыл аймагынын Көк-Тал айылындагы №55 Достук жалпы билим берүү мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезектеги 13-сессиясы 2026-жылдын 17-февралы № 54 Исхак-Полотхан айыл аймагынын Көк-Тал айылындагы №55 Достук жалпы билим берүү мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” №67 мыйзамына негиз, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиясы жөнүндө Жобого ылайык, №55 Достук жалпы билим берүү мектебинин эмгек жамаатынын протоколуна негиз, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. №55 Достук жалпы билим берүү мектебине Алымбек датканын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы комиссияга белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.
3. Токтомду мыйзамдарда белгиленген тартипте жетекчиликке алуу жана мекемени кайра катоодон өткөрүү жагы мектептин директору Б. Дөрмөновага сунушталсын.
Ушул токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Г.Матажиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.