Суу-Башы айылдык кенешинин «Суу-Башы айыл аймагына караштуу Айгүл-Таш айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык кенешинин VlII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2026-жылдын 10-февралы № 127
Суу-Башы айыл аймагына караштуу Айгүл-Таш айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 2-февралындагы №43 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 9-февралындагы отурумунун корутундусунун, 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын негизинде, шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалган, Айгүл-Таш айылынын башкы планын карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске
алуу менен Айгүл-Таш айылынын башкы планы бекитилсин.
2. Токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Суу-
Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго жүктөлсүн.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн
suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик
маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
К.Шакиров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 17 августа 2017 года № 490 "Об утверждении Программы Правительства Кыргызской Республики по разработке генеральных планов населенных пунктов…Постановление · 17.08.2017 · № 490 · No longer in force