Орозбеков айылдык кенешинин «Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2025-жылдын -10-октябры № 67 Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө. Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 8,10,11 жана 12-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18,34 жана 39-берелерине ылайык Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айыл аймагы, Ак-Кыя айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги идентификациялык коду 8-02-10-10012401 болгон Молдо Нияз акындын музей комплексинин имаратын жана жанаша жайгашкан курулмаларын тиешелүү материалдык-техникалык базасы менен Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен мамлекеттик менчикке өкөрүп берүүгө макулдук берилсин. Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчике өткөрүүгө байланыштуу иш кагаздарын тариздөө милдети Орозбеков айыл өкмөтүнө тапшырылсын. Токтом сайтка жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К.Каримов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 2 · related 0
Cited by (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 30 апреля 2026 года № 324 "О принятии в государственную собственность музейного комплекса акына Молдо Нияза и создании Государственного…Постановление · 30.04.2026 · № 324
- Орозбеков айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №23 "Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы №67 “Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей…Постановление · 03.04.2026 · № 23