Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кадамжай шаардык кенешинин «Мамлекеттик ишмер, агартуучу Касым Тыныстановдун ысмын шаардын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине ыйгаруу жөнүндө» токтому
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кадамжай шаардык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XIХ сессиясы
2025-жылдын 06-февралы №79 Мамлекеттик ишмер, агартуучу Касым Тыныстановдун ысмын шаардын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө” токтомунун жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине кыргыз элинин алгачкы улуу агартуучуларынын, илимпоздорунун жана адабиятчыларынын бири, кыргыз алфавитин, орфографиясын түзүүдө чоң салым кошкон, мектептерге алгачкы окуу китептерин жазган, элдик оозеки чыгармаларды жыйнап, изилдеген тилчи-илимпоз Касым Тыныстановдун ысмы ыйгарылсын.
2. Аталышты өзгөртүүгө байланыштуу керектелүүчү чыгымдар мыйзамда белгиленген тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Токтомдун аткарылышы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебинин директору А.Мамажановго милдеттендирилсин.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына
жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
К.Дастиров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.