Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Исхак-Полотхан айылдык кенешинин “Мега Стоун Ресурс” ЖЧКанын директору Апсатаров Азиз Пахтачыевичтин арызы жөнүндө» токтому
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезектеги 12- сессиясы
2025-жылдын 23-январы №52
“Мега Стоун Ресурс” ЖЧКанын директору Апсатаров Азиз Пахтачыевичтин арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майы №49 “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабры №810 “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө” токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жетекчилике алып, айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Исхак-Полотхан айылдык кеңеш, токтом кылат:
1. “Мега Стоун Ресурс” ЖЧКанын директору А. Апсатаровго Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Гүлдүрөмө айылында кум шагыл өндүрүп келе жаткан жерине кошумча 2,0га жер аянтын ижара шартында иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы, Исхак-Полотхан айыл өкмөт башчысы Б. Исендеровго милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Г. Матажиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Закон «О недрах»Закон · 19.05.2018 · № 49
- Постановление Правительства от 15 декабря 2017 года № 810 "О вопросах предоставления земельных участков под недропользование"Постановление · 15.12.2017 · № 810