Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин Отуз-Адыр айыл аймагынын жайыт багытындагы жерлерин мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы (сегизинчи чакырылыш) 2026-жылдын 30-январы №1/9 Отуз-Адыр айыл аймагынын жайыт багытындагы жерлерин мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №597 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык ошондой эле жер, агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кызыл-Абад айылындагы № 263 контурдагы жайыт багытындагы 0,60 сотых, Беш-Кепе айылындагы №544 контурдагы жайыт жерден 0,65 сотых жер аянтын мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш-чараларды алып баруу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Э.Эшиев)
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы
Д. Атанов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.