Төрт-Көл айылдык кеңешинин Төрт-Көл айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 9-сентябры № 63
Төрт-Көл айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 токтомунун негизинде 2025-жылдын 1-ноябрында айыл чарбасын каттоо болгондугуна байланыштуу даярдык көрүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун сунуш катын карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагында 2025-жылдын 1-ноябрынан баштап айыл арбасын каттоого даярдык көрүүгө Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З. Осмоновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага
М. Тажибаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.