Кара-Шоро айылдык кеңешинин Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак ашына акча каражат бөлүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2025-жылдын 16-декабры № 72
Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак ашына акча каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомунун негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Шоро айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл аймагында жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук негизде, ваучерге кабыл алынган балдардын тамак-ашына бөлүнгөн акча каражаттан, ар бир балага айына 1500 (бир миң беш жүз) сомдон каралып, бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
З.Кадырбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.