Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Шопоков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 1 октябры № 66 «Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө» токтому
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XII сессиясы
2022-жылдын 1 октябры № 66
Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61 беренесин, жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66, 77 беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 Жарлыгы менен бекитилген Биринчи Элдик курултайды ɵткɵрүү боюнча уютуруу комитетинин 2022-жылдын 9 сентябрындагы №2 чечими менен бекитилеген нускаманын негизинде, Шопоков шаардык кеңешитин Х – чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2022-жылдын 5 ноябрында Шопоков шаарынын маданият үйүндɵ (клуб) биринчи Жергиликтүү Курултай чакырылсын.
2. Жергиликтүү курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы бекитилсин. (1-тирекеме)
3. Жергиликтүү курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планы бекитилип жана белгиленген мɵɵнɵттɵ аткарылысын. (2-тиркеме)
4. Шопоков шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды жана эл менен жыйын өткөрүү графиги бекитилсин. (3-тиркеме)
5. Кыргыз Республикасынын биринчи Элдик Курултайга Шопоков шаарынан делегаттарды шайлоого Шопоков шаарынын жергиликтүү курултайына делегаттардын жалпы саны шаардын жашоочуларынын санына жараша 100 делегат болуп бекитилсин.
6. Шаардын жашоочулардын санын, көчөлөрдүн санын жана жаңы конуштардын санын эске алып 5 (беш) участокторго бөлүнсүн жана ар бир участоктон 20 дан делегаттар шайлансын.
7. Шопоков шаарынын делегаттарды шайлоо боюнча калктардын санына жараша, тɵмɵнкүдɵй участокторго бɵлүнсүн:
1. Участок №1 к/к “Южный”, “Геология” - 20 делегат
2. Участок №2 к/к “Ынтымак” жана Октябрьская,
Ново-Октябрьская,Заводская, Садовая көчөлөру - 20 делегат
3. Участок №3 к/к “Новостройка” - 20 делегат
4. Участок №4 “Центр” - 20 делегат
5. Участок №5 к/к “Мирный”, Футбольная, Машиностроительная көчөлөрү - 20 делегат
8. Жергиликтүү курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) курамы бекитилсин. (4-тиркеме)
9. Шопоков шаарынын мэриясы Жергиликтүү Курултайды даярдоого жана өткөрүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵтсүн.
Төрага
С.Назаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Указ Президента КР от 15 августа 2022 года УП № 284 "О созыве Народного Курултая"Указ · 15.08.2022 · № 284 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123