Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин «З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» токтому
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ XXIX- чакырылыштын 5- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 30-майы № 5/1 “З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин 1-пунктунун, 115-беренинин 4 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” 2024-жылдын 12-январындагы №9 мыйзамынын 11-беренесинин 3-п. негизинде, З.Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевдин, экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда жалпы бюджеттик каражатардын ассигнованиелеринин чектеринде кайра бѳлүштүрүү жѳнүндѳ маалыматын айылдык кенештин 29 чакырылышы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын башында бекитилген бюджетине төмөндөгүдөй өзгѳртүүлөр киргизилсин:
70911 Мектепке чейинки мекеме бѳлүмүнүнүн 3111 беренесинин 762 мин сомго азайтылып, азайтылган 762,0 миң сом төмөндөкүдөй бөлүштүрулсүн:
- 70629 Турак жай комуналдык чарба бөлүмүнө 522,0 миң сом 2215 беренеге,
- 70862 Эс алуу, маданият, дин бөлүмүнө 2215 беренесине 220,0 миң сом,
- 70813 Дене тарбия боюнча иш-чаралар бѳлүмүнѳ 2215 беренесине 20,0 миң сом.
- 24-январь 2025-жылдын №2/5 токтомунун 8-пунктунун 4-тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилсин
2. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.С. Кулматова бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттого жѳнѳтсүн.
3. Ушул токтумдун аткарылышын камсыздоо З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктѳлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кенештин бюджет боюнча комиссиясынын тѳрайымы Ч.Т. Абдиевага жүктѳлсүн.
Төрага
Э.Б. Ибраимов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.