З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин «12-август 2024-жылдын №6/6 Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ XXIX-чакырылыштын 4- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 2-апрели № 4/9
“12-август 2024-жылдын №6/6 Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3,4 пункттарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы №174 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтомуна ылайык
З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Жер мунапысын ишке ашыруу максатында,ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер -укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 1-2 пункттарына ылайык
- З.Кайназарова атындагы айыл аймагындагы Калктуу конуштардагы эски үйлөрдүн жер участогунун өлчөмү 1500 кв. м ден 3500 кв.м ге чейин деп белгиленсин
- Жаңы трансформацияга берилип жаткан жер тилкелеринин аянты 1000 кв.м ден 3500 кв.м чейин белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн Жер маселелер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге жана жер боюнча комиссиянын төрагасы Н.Б. Картанбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Э.Б. Ибраимов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 291 "Об утверждении Положения о порядке проведения земельной амнистии"Постановление · 31.05.2022 · № 291
- Закон «О регулировании земельно-правовых отношений»Закон · 01.04.2022 · № 21
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 марта 2023 года № 174 "О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 29.03.2023 · № 174