Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
«Кербен шаарынын Кашка-Суу айыл аймагындагы мыйзамсыз суу трассасына кошулуп алган жарандарга абоненттик төлөмдөрдү төлөтүү жѳнүндѳ» токтому
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясынын
2025-жылдын 17-апрелиндеги №6/4
«Кербен шаарынын Кашка-Суу айыл аймагындагы мыйзамсыз суу трассасына кошулуп алган жарандарга абоненттик төлөмдөрдү төлөтүү жѳнүндѳ»
Аймактык территориялык реформанын негизинде Кербен шаары, Кашка-Суу айыл өкмөтү жана Жерге-Тал айыл өкмөтү бириккендиктен, 2005-жылдан баштап мыйзамсыз суу трассасына кошулуп алган жарандарга абоненттик төлөмдөрду төлөтүү максатында карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кербен шаарынын Кашка-Суу айыл аймагындагы мыйзамсыз суу трассасына кошулуп алган жана абонентик төлөмдөрдү төлөбөй жаткан жарандар 2023-жылдын
1-январынан баштап абоненттик төлөмдөрүн төлөѳсү абоненттерге милдеттендирилсин.
2. Кербен шарынын “Кербен суу канал” муниципиалдык ишканасы менен келишим
түзүп мыйзамдаштыруу жагы абоненттерге милдеттендирилсин. Ал эми суу эсептекичтерин орнотуп берүү жагы “Кербен суу канал” муниципиалдык ишканасына жүктөлсун.
3. Бул токтомду аткарбаган абоненттерге 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык айып пул чегерүү жагы Кербен шаарынын мэриясына жана “Кербен суу канал” муниципиалдык ишканасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүн кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеңешинин төраганын орун басары:
Г.Койчубекова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Кодекс Кыргызской Республики о правонарушенияхКодекс · 28.10.2021 · № 128