Айдаркен шаардык кенешинин 2 «Айдаркен шаарынынын аймагында көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жѳнүндѳ» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айдаркен шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2025-жылдын 23-декабры № 37 Айдаркен шаарынынын аймагында көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жѳнүндѳ
Айдаркен шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси А.Саитовдун “Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинин 2025-жылдын 28-октябрындагы №27-28392 сандуу тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тапшырмалар” жѳнүндѳгү баяндамасын угуп, талкуулап, бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесинин 8-пуктуна ылайык, Айдаркен шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби бир жайга 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага
А.А.Алтымышова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.