Каныш-Кыя айылдык кеңешинин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категорясынан “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категорясына которуу жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2025-жылдын 15-октябры №2
““Айыл чарба багытындагы жерлер” категорясынан “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категорясына которуу жөнүндө””
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 15.10.2025-жылдагы №01-19/3650 чыгыш сандуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Б.Беккулиевдин “Түпкүр” участкасынан туризмди өнүктүрүүгө 2,33 га жер аянтын сурап жазган арызынын негизиндеги кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы №665 токтомуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 07.10.2025-жылдагы №01-05/910 чыгыш сандуу каты, Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 15.10.2025-жылдагы №01-19/3650 чыгыш сандуу кайрылуусу жана Айгыр-Жал айылынын тургуну Б.Беккулиевдин арызы, эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы №665 токтомуна ылайык “Түпкүр” участкасынан туризмди өнүктүрүүгө суралган 2,33 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категорясынан “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категорясына которууга сунушталсын.
3. Сунушталган жер аянтын боюнча тиешелүү компетентүү органдар менен мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адис И.Батырбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.М.Козубаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.