Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Гулистан айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомунун аткарылышы жөнүндө токтому
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гулистан айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 6-сессиясы
2025-жылдын 20-майы №6-3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 31-майында № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому чыккан. Бул токтом бекиткен жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз ээленген жерлердин мыйзамдаштыруу тартиби көрсөтүлгөн. Гулистан айыл аймагында дагы көптөгөн мыйзамсыз ээленген жер тилкелери мыйзамдаштырылды. Бирок азыркы күнгө чейин жогорудагы көрсөтүлгөн токтомду аткарылышы боюнча кемчиликтер бар. Бул кемчиликтерди тез арада жоюу максатында, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 31-майында № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомун натыйжалуу аткарылышы боюнча кошумча иш-чараларды уюштуруу Гулистан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Мыйзамсыз жер тилкелерин ээлеп, фундамент жана үй куруп алгандардын ээлеп алган жерлерин мыйзамдаштыруу боюнча берген арыздарын иретке келтирүү, түрдүү себептер менен арыз бербеген жарандардын тактоо Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кезектеги алты айлык жыйынтык боюнча өткөрүлө турган сессияга жер мунапысын аткарылышы боюнча толук маалыматты жана Гулистан айыл өкмөтүнүн пайдалануусунда болгон фонд жерлеринин иштетилиши боюнча отчетту берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага
У.Мирзакулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 291 "Об утверждении Положения о порядке проведения земельной амнистии"Постановление · 31.05.2022 · № 291