Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Керме-Тоо айылдык кеңешинин Араван районунун Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу жөнүндө токтому.
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2025-жылдын 09-декабры №8/1
Араван районунун Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу жөнүндө Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибиндеги 2-маселени кароонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ №62 жарлыгына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын” “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып, 2025-жылдын 4-декабрындагы №8 протоколун негизинде Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы, токтом кылат:
1.Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу максатында “Байдамтал” ЖЧКсынын директору А. Мирзаматовдун арызы канаттандырылсын.
2. Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылынын №60,62,63,89,90,93 контурунан 5,7 га чакан ГЭС куруу максатында ЖЧК “Байдамтал” коомуна мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
3. Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылынын №60,62,63,89,90,93 контурдун ичинде жайгашкан дарыя жээгине чакан ГЭС курууга тийиштүү зарыл болгон документтерди даярдап берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу М
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.