Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Тилектеш айылдык кеңешинин Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылга бекитилген сметасынын планына өзгөртүү киргизип тактоо жөнүндө токтому
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры, № 12/7
Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу, жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн Миязды айылындагы № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, чатырын алмаштыруу жумуштары боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 6 144 451 (алты миллион төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз элүү бир) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 1 114 451 (бир миллион бир жүз он төрт миң төрт жүз элүү бир) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага:
К.Төрөшев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2015 года № 230 "Об утверждении Положения об отборе и финансировании проектов за счет долевых (стимулирующих) грантов и Инструкции по…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · No longer in force
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 мая 2023 года № 247 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · No longer in force