Көк-Бел айылдык кеңешинин Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында чакан гидро-электро станциясын курууга уруксат берүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын 26-сессиясы
2024-жылдын 12-январы №26-02 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында чакан гидро-электро станциясын курууга уруксат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Чакан гидро-электро станцияларды куруу укугу жөнүндөгү” мыйзамынын № 19-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175-токтомуна таянып, Көк-Бел айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл аймагынын “Байдамтал” участкасынын № 401, 403, 412, 413, 416, 59, 407, 408 контурларында жайгашкан 8,5га жер аянтын жана “Шут чаты” участкасында жайгашкан № 36; 46 контурларынан 4,78га жер аянтын чакан ГЭС куруу үчүн ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Ажыратылган жерлердин чек арасын тактап берүү жагы айыл өкмөттүн жер жана коммуналдык иштер боюнча адиси Ш. Шерматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жана финансалык келишимдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалышы айыл өкмөттүн башчысы К. Карыбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.Ашимов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Постановление Правительства КР от 24 марта 2017 года № 175 "Об утверждении Положения о тендере на право строительства малых гидроэлектростанций в Кыргызской Республике"Постановление · 24.03.2017 · № 175 · No longer in force