Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Савай айылдык кеңешинин 28.06.2024 № 25 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл башчы кызматына контракттык негизде 8 кызматкер ишке кабыл алуу жөнүндө токтому
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VI-сессиясы ТОКТОМ
28.06.2024 №25
Кызыл-Шарк айылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл башчы кызматына контракттык негизде 8 кызматкер ишке кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз VI сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:
1. Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтому менен бекитилген Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө жобого ылайык Савай айылдык округунун айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, спецификасына жана калкынын санына жараша айыл өкмөтү штатын жалпы санынан тышкары контракттык негизде кошумча айыл башчы кызматына башкы адистин айлыгын төлөө менен 8 кызматкер алуу жөнүндө 2024-жылдын 4-июнундагы № 01-19/862 каты менен берилген сунушу колдоого алынсын.
2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө:
-“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтому менен бекитилген Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө жобого ылайык Савай айылдык округунун айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмү айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, спецификасына жана калкынын санына жараша айыл өкмөтү штатын жалпы санынан тышкары контракттык негизде башкы адистин айлык акысын төлөө менен кошумча 8 (сегиз) айыл башчы кызматкер кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Тѳрага
Б.Мамашов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 7 февраля 2024 года N 52 "Об организации деятельности исполнительных органов местного самоуправления Кыргызской Республики в период…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · No longer in force