Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №7 Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шоро участкасынан 20,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтом
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын ТОКТОМУ
15.01.2025 № 7
Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шоро участкасынан 20,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Шоро участкасынан жайыт эсебиндеги 20,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “ сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Шоро участкасынан жайыт эсебиндеги 20,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Тѳрага
Мурзапар уулу Н.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force