Гүлчө айыл аймагынын 30.11.2024 -жыл №1/3 Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы менен аныкталган өтүүчү Элдик Курултайга айыл аймактарынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн бирдиктүү иш тартибин аныктоо жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму ТОКТОМУ
30.11.2024 -жыл. № 1/3
Гүлчө айылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-21-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга айыл аймактарынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн бирдиктүү иш тартибин аныктоо жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Э.Кадырованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Гүлчө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-21-декабрында өтүүчү III Элдик Курултайга айыл аймактарынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн бирдиктүү иш тартибин аныктоо абалы эске алынсын.
2. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жумушчу топтун курамы түзүлсүн жана мыйзам чегинде иш алып барылсын (тиркеме тиркелет)
3. Жер-жерлерде элдик жыйындар жана жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо өткөрүлсүн. (графиктер коюлат)
4. Элдик Курултайда көтөрүлүүчү республикалык маанидеги маселелерди Жергиликтүү курултай учурунда үчтөн кем эмесин аныктап протоколго киргизилсин.
5. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндөгү протоколдорду, толтурулган анкеталарды ж.б. документтерди Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине жөнөтүлсүн.
6. Кабыл алынган токтомдун аткаырылышын көзөмөлдөө жагы төрагага жана өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн түзүлгөн жумушчу топтун комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Самиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Указ Президента КР от 20 сентября 2024 года УП № 271 "О проведении очередного III Народного Курултая"Указ · 20.09.2024 · № 271 · No longer in force