Курманжан Датка айылдык кеңешинин Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Курманжан Датка айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму 2024-жылдын 26-июлу № 4/11
Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 сандуу токтомунун талаптарына жана Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынн протоколундагы Муратов Кенже деп атын коюу жөнүндөгү №1 протоколунуннегизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынн протоколу бекитилсин.
2. Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро төртүнчү көчөсү Муратов Кенже атындагы көчөсү болуп аталсын.
3. Көчөнүн аталышын жазуу, жарыктандырылышы, иретке келтирилиши Муратов Кенженин уулдарына тапшырылсын.
4. Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Алай филиалына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.
Төрайым:
З. Д. Абдыкадырова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · No longer in force
- Постановление Кабинета Министров КР от 29 декабря 2021 года № 353 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики «О Межведомственной комиссии по…Постановление · 29.12.2021 · № 353 · No longer in force