Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы № 23 контурундагы (0,40 га сугат айдоо) турган жалпы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы имаратын куруу үчүн “Калктуу конуш жерлери ” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясынын жыйынынын
2025-жылдын 30 - апрели, № 4/2 Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы № 23 контурундагы (0,40 га сугат айдоо) турган жалпы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы имаратын куруу үчүн “Калктуу конуш жерлери ” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” токтому менен бекитилген жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” токтому менен бекитилген жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.
2. Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы № 23 контурунда (0,40 га сугат айдоо) турган жалпы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы имаратын куруу үчүн “Калктуу конуш жерлери ” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берет.
3.Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Мойдунов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.