Манас шаардык кеңешинин «Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун балансындагы жер тилкени Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2025-жылдын 20-ноябры №5
«Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун балансындагы жер тилкени Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 12.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/7160 сандуу катын Манас шаардык кеңештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун балансындагы Манас шаарынын Ашуров кичи көчөсүнүн №1/1 дарегинде жайгашкан 2077,80 чарчы метр жер аянтын (идентификациялык коду 3-10-01-0017-1669) Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Мүлктү өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков) жана Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Болотов Н.Б.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.