Көк-Бел айыл өкмөтүнүн №7-01 2025 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындачакан гидро-электро станциясын курууга уруксат берүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 7-сессиясы
2025-жылдын 22-июлу № 7-01
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындачакан гидро-электро станциясын курууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин № 21-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175-токтомуна таянып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 62 УП “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык Көк-Бел айыл аймагынын Кайыңды айылына жакын жайгашкан жайыт жердин № 1; -48-49-50-51-52-54-55-396-контурларынан чакан ГЭС курууга 1,50 га жер ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы М. Маматовго, айыл өкмөттүн жер жана коммуналдык иштер боюнча адиси Т. Молдобаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М. Айткулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Указ Президента Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года УП № 62 "О вопросах передачи земель, предназначенных для использования возобновляемых источников энергии"Указ · 23.03.2023 · № 62
- Постановление Правительства КР от 24 марта 2017 года № 175 "Об утверждении Положения о тендере на право строительства малых гидроэлектростанций в Кыргызской Республике"Постановление · 24.03.2017 · № 175 · No longer in force