Бириккен Арашан айылдык кеңешинин «Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бириккен Арашан айылдык кеңешинин І-чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 24
"Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө" Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевдин Арашан айыл аймагындагы социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жана чечүү маселелери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-мартындагы №103 "Алмүдүн райондук фондунун" эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу» токтомунун негизинде, Арашан айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга Аламүдүн райондук фондунун конкурстарына катышуу үчүн долбоорду бекитүү жана жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин:
"Арашан айыл аймагынына үч даана балдар ойной турчу аянчаларын орнотуу" долбоорунун баасы 3788809 (Үч миллион жети жүз сексен сегиз миң сегиз жүз тогуз) сом, өздүк салым 1788809 сом (Бир миллион жети жүз сексен сегиз миң сегиз жүз тогуз) сом.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Аламүдүн райондук фондунун каржылануучу долбоордук табыштамалардын конкурсуна катышуу үчүн документтерди даярдасын жана жөнөтсүн жана аларды 2025-жылга бюджетти түзүүдө эске алсын;
3. Аламүдүн райондук тарабынан каржылануучу "Арашан айыл аймагынына үч даана балдар ойной турчу аянчаларын орнотуу" долбооруна табыштама бекитилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага
А.Б.Курманбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.