Үч-Коргон айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 - негиз, Үч-Коргон айыл аймагынын аймагындагы жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы
2025-жылдын 19-сентябры № 11/1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 - негиз, Үч-Коргон айыл аймагынын аймагындагы жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомуна жана Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-июлундагы №7/4 токтомуна негиз, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагындагы “Эшан” каналы 10км,”Руздаркан” каналы 7,5км, ”Жаңы Сайдуллаев Ф” каналы 5,5км, ”Тегирмеч” каналы 1,6км, ”Күнгөй”каналы 2,4км, ”ЛДС” (Коллекторно- дренажная сеть) 18,6км жана СПА карамагында турган лоток-каналдар 15,4 км мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу, жогоруда белгиленген ички каналдарды,лотокторду өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо,өткөрүп берүү жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
Б.Бердибеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 апреля 2024 года № 207 "Об эффективном управлении и развитии водохозяйственного сектора"Постановление · 29.04.2024 · № 207
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 19 августа 2025 года № 712-т (О реализации мероприятий Национальной водной стратегии Кыргызской Республики)Распоряжение · 19.08.2025 · № 712-т
- Үч-Коргон айылдык кенешинин 2024-жылдын 24-июлундагы №7/4 "Үч-Коргон айыл аймагындагы төмөнкү канал арыктарды Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жана коргоо…Постановление · 24.07.2024 · № 7/4