Жазы айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 8-сентябры № 8/48
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамына ылайык, коомдо ынтымакты, жарандардын бейпил турмушун камсыз кылуу жана айыл аймагында мыйзамдын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын Жазы айыл аймагында аткарууга алуу жөнундө төмөндөгүдөй чектөөлөр киргизилсин;
- төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга, жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07:00гө чейин,
дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин ашпоого чектөө киргизилсин.
2. Мыйзам талаптарын бузган жарандар жана мекемелер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар боюнча мыйзамынын негизинде жоопкерчиликке тартылары эскертилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Жазы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент,депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К.Камчибеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О тишине»Закон · 06.12.2024 · № 194