Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 2 (эки) га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө» №11-1 токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 9-сентябрь №11-1
Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 2 (эки) га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” тескемесине жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-июлундагы №01-13/2544 сунушуна ылайыкжергиликтүү тургундарды турак жай менен камсыз кылуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 2 (эки) гектар болгон жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна (ААК) көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануу учурунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары так сакталышы шарт.
3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди даярдап, жерди пайдаланууга өткөрүп берүү иштерин уюштурсун;
4. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы “Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндөгү” №11-3 токтому жокко чыгарылсын;
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге жүктөлсүн.
Тѳрага
У. Мелис уулу
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 30 января 2024 года УП № 10 "О мерах по дальнейшему совершенствованию механизмов жилищного обеспечения и строительства жилья для граждан…Указ · 30.01.2024 · № 10
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 5 апреля 2024 года N 126-р (Об утверждении перечня земельных участков, выделенных для строительства жилья в рамках реализации жилищной…Распоряжение · 05.04.2024 · № 126-р