Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Тилектеш айылдык кеңешинин «Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө» токтому.
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/6 Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары үчүн боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары боюнча сунуш кылган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 4 999 467 (төрт миллион тогуз жүз токсон тогуз миң төрт жүз алтымыш жети) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 349 962 (үч жүз кырк тогуз тогуз жүз алтымыш эки) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага:
К.Төрөшев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2015 года № 230 "Об утверждении Положения об отборе и финансировании проектов за счет долевых (стимулирующих) грантов и Инструкции по…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · No longer in force
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 мая 2023 года № 247 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · No longer in force