Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» Токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезексиз XVII сессиясы
2025-жылдын 30-октябры № 1
Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , Кыргыз Республикасынын ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясы карап, талкуулап, отурумдун протоколунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарынын аймактык түзүлүшүн кеңейтүү, социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, шаар калкын турак-жай менен камсыз кылуу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, заманбап имараттарды куруу үчүн Нарын шаарынын күн батыш тарабындагы Борборук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдаланууга берилген 263,78га жер аянтынын ичинен 223,78 га жерин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ал эми, 263,78га жер аянтынын ичинен калган 40га жери Борбордук Азия Университетинин пайдалануусуна калтырылсын.
3. Жер тилкесин кабыл алуудагы иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте кайра каттоону жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага
Ж. Эсеналиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 0
Cited by (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 12 декабря 2025 года № 805 "О передаче земельных участков в муниципальную собственность мэрии города Нарын Нарынской области Кыргызской…Постановление · 12.12.2025 · № 805 · Not yet in force