Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Жайыт жерлери категориясынан Айыл чарба багытынын айдоо жерлери категориясына которуу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №23
«Жайыт жерлери категориясынан Айыл чарба багытынын айдоо жерлери категориясына которуу жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-18/3126 чыгыш чандуу “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын 22.04.2025-жылдагы №46 чыгыш сандуу катынын негизинде жазылган кайрылуусун, “жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиянын №4 корутундусун, карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин “жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиянын №4 корутундусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №26 токтомуна ылайык жайыт жерлерин айыл чарба багытындагы айдоо жер аянттарына которууга жана которулган жер боюнча Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2007-жылдын 22-июнунданы №243 токтомунун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү иш жургүзсүн.
3. Каныш-Кыя айыл аймагынын жакынкы жайыт болуп эсептелген жайыт категориясындагы жер аянттарынан айыл чарба категориясына иштетүүгө ыңгайлуу жалпы 1581 га жер аянтын жайт жерлери категориясынан айыл чарба багытынын айдоо жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Каныш-Кыя айыл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабековага, көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.М.Козубаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2007 года № 243 "О Типовом положении об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных…Постановление · 22.06.2007 · № 243
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 21 января 2023 года № 26 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О Типовом положении…Постановление · 21.01.2023 · № 26