Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №13
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 20.02.2025-жылдагы №01-19/535 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө Регламентин 2025-жылга карата бекитип берүү боюнча кайрылуусун, КР ЖӨБ мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 30-сентябрындагы №01-25/267 буйругуна ылайык карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы №01-25/267 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө Регламенти тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, орун басар-жооптуу катчысы жана кызматкерлери бекитилген Регламенттин негизинде иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна, бекитилген Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана орун басар-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага
М.М.Козубаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Регламент, №13 Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө жөнүндөгү 2025-жылдын 5-мартындагы токтомуна ылайыкРегламент · 05.03.2025 · № 13