Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кулунду айылдык кенешинин “Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №56 жана ПЖ № 109 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө” токтому
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 01-августу № 57
“Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №56 жана ПЖ № 109 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022-жылдын 8-апрели ПЖ № 109 “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2023-жылдын 14-марты ПЖ №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайк, Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын депутаты Д. Абдиллаевдин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн курулуш жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Д. Жумабай уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги IX -сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, кезектеги IX-сессиясынын отурумунун №9-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 4-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кулунду айыл аймагы боюнча жол жээгиндеги курулуштарды буздуруп, тазалоого жана ички көчөлөрдү кеңейтүүгө 4000 литр дизелдик күйүүчү майга суммасы 303600 (үч жүз үч миң алты жүз) сом кызмат акысы 200000 (эки жүз миң) сом, жалпы суммасы 503600 (беш жүз үч миң алты жүз) сом акча каражаты кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен же үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, беренеден беренеге которулуп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.А.Досов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Указ Президента КР от 8 апреля 2022 года УП № 109 "О мерах по предупреждению и пресечению фактов незаконного самовольного захвата земель"Указ · 08.04.2022 · № 109
- Указ Президента Кыргызской Республики от 14 марта 2023 года УП № 56 "О мерах по предупреждению и пресечению незаконного размещения объектов придорожного сервиса (включая…Указ · 14.03.2023 · № 56