Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Момбеков айылдык кеңешинин «Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын 21 – сессиясы
2023-жылдын 25-сентябрындагы № 1
Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алуу жөнүндөгү масалени угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 21-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасының 2021-жылдын 5-майындагы мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 3-бөлүмүнүн 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ №547 Айыл чарба ишин жүргүзгөн субьекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын негизинде айыл чарба жерлерине компенсация катарында республикалык бюджеттен келген 832500 ( сегиз жүз отуз эки миң беш жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй сарпталсын.
- ЖКХ 2221 беренесине - 332500 сом,
3112 беренесине 500000 сом, жалпы 832500 сарпталсын
2. Жергиликтүү бюджеттин жыл ичиндеги кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министирлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.З Абдыжапаровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарышынын көзөмөлдөө жагы Момбеков айылдык кенешинин "Бюджет, каржы, экономика маселелери боюнча" туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы
И Абдыразак уулу
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.