Кербен шаардык кеңшинин «Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл чарбасын каттоону уюштуруу үчүн 760,0 мин сом бөлүп берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы Т О К Т О М 2025-жылдын 27-февраль №4/13
Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл чарбасын каттоону уюштуруу үчүн 760,0 мин сом бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 токтомдун, Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 17-февралындагы № 01-20/338 сандуу катына негиз Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралында № 3 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга жиргиликтүү бюджеттин
эсебинен Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024- жылдын 19-мартындагы № 122 токтомуна негиз айыл чарбасын каттоону уюштуруу үчүн 760,0 мин сом каралгандыгы белгиленсин. 2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө
кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин
экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.