Барпы айылдык кеңешинин “Күнүмдүк тирчилик калдыктарына төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы
2023-жылдын 10-февралындагы № 13/10
“Күнүмдүк тирчилик калдыктарына төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө” “Барпы Тазалык” муниципалдык ишканасынын 06.02.2023-жылда жазган кайрылуусун эске алуу менен Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы ар бир кожолуктан чыккан күнүмдүк тиричилик калдыктарын ташып кетүүгө 150сом, ал эми соода сатык түйүндөрунөн, мекеме, ишканалардан жана билим берүү мекемелеринен 471сом өлчөмүндө койулган баасы тууралуу жергиликтүү кеӊешинин депутаттары тарабынан талкууга алынап, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. “Барпы Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан убактылуу 6 ай мөөнөтүндө, ар бир кожолуктан 1м3 таштандыны алып чыгып кетүүгө 150 (жүз элүү) сом, ал эми соода сатык түйүндөрүнөн, мекеме, ишканалардан жана билим берүү мекемелеринен 1м3 таштандыны алып чыгып кетүүгө 471 (төрт жүз жетимиш бир) сом өлчөмүндө акы төлөө жагы каралсын.
2. “Барпы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б. Бегматовго: 6 ай мөөнөт ичинде аткарылган жумуштун жыйынтыгы менен таштандыларды алып чыгып кетүүгө бологон баанын өзгөрүшүн же жогоруда белгиленген баа менен калтыруу боюнча сессияга сунуштасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы:
У.Абдыкулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.