Күрпүлдөк айылдык кеңешинин «Күрпүлдөк айыл өкмөтүнө караштуу жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
2022-жылдын 16-июну № 6/3-2-1-22
Күрпүлдөк айыл өкмөтүнө караштуу жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
«Жерлерди категорияларга киргизүү жана жерлерди которуу (трансформациялоо)» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 мыйзамынын 3-беренесине ылыйык Киров , Күрпүлдөк жана Ровное айылдарынын тургундарын техникалык база, эс алуучуу жай менен камсыздоо максатында айылдарда чыккан көйгөйлөр жана Ж.Бокушеванын арызы менен таанышып , талкулап Күрпүлдөк айылдык Кенешинин депутаттары токтом кылат:
1. Киров айылындагы жайыт категориясындагы № 234- 0,6 га, № 163 – 1,9 га жана № 227- 1,5 га контурларда жайгашкан жер участоктору айыл чарбалык эмес категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назыралиева тарабынан № 234- 0,6 га, № 163 – 1,9 га жана № 227- 1,5 га контурларда жайгашкан баардыгы 4.0 га жер участоктору жайыт категориясынан жер участогу айыл чарбалык эмес категориясына которууга иш кагаздарын даярдап тийиштүү органдарга берилсин.
3. Айыл чарбалык эмес категориясына которулган 4,0 га жер участогу айыл тургундарын айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн техникалык база жана эс алуучуу жай салынууга бөлүнүп берилсин .
4. Киров айылындагы жайыт категориясындагы -4,0 га жер участогу айыл чарбалык эмес категориясына которулгандан кийин арыздын негизинде Ж.Бокушевага техникалык база жана эс алуучуу жай куруу үчүн бөлүнүп берилсин жана иш кагаздарын бүтүрүүгө кам көрсүн.
5. Токтомдун аткарылышы Күрпүлдөк айылдык кенешинин төрагасы Э.Букаров тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага
Э.Букаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force