Барпы айылдык кеңешинин «Айыл чарбадагы малдарга ветеринардык жактан тейлөө боюнча жумуш акысын бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезектеги сессиясы
2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/3
Айыл чарбадагы малдарга ветеринардык жактан тейлөө боюнча жумуш акысын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде болгон кеӊешменин 29.06.20217-ж. №19-31 сандуу протоколу жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 20-ноябрь 2017-жыл №292 сандуу буйругу, Барпы айылдык округунун аймагында жашаган элдердин айыл чарба малдарын ветеринардык жактан тейлөө боюнча иш алып барган жеке менчик вет. врачтардын арызы менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде болгон кеӊешменин 29.06.20217-ж. №19-31 сандуу протоколу жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 20-ноябрь 2017-жыл №292 сандуу буйругун ишке ашыруу максатында, Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында жалпы ири мүйүздүү бодо малдарды жана кой жаныбарларын идентификациядан өткөрүүдө төмөндөгүчө кызмат акы төлөнсүн:
- Айыл-чарба малдарын идентификациядан өткөргөндүгү үчүн кара малдарга ар бир жанына 100сомдон, ал эми кой жандыгынын коросуна 100сом жумуш акысы бектилсин. (100сомдун ичинде биркалар, чиптердин жана идентификациялык күбөлүк, электрондук системасына каттоого алуу)
- Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына каттоо жана мал жандыктарга тактама (күбөлүк) берүүчү оператордук кызмат акысы 50сомго бекитилсин. (50сомго компьютер жабдыктарын толуктоого, интернет менен камсыздоого жана керектүү иш кагаздарын алууга жумшалат)
2. Бул токтомдуу ишке ашыруу жана уюштуруу жагы айыл округдук мал-чарба ветерандык тейлөө боюнча адис А. Каржоодиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага:
У.А.Абдыкулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 5 декабря 2014 года № 694 "Об утверждении Правил идентификации животных"Постановление · 05.12.2014 · № 694 · No longer in force