Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Первомайский айылдык кеңешинин «2024-жылга карата калкты социалдык жактан коргоонун программасын бекитүү жөнүндө» токтому
ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 27-январы № 2/3
2024-жылга карата калкты социалдык жактан коргоонун программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, бюджет боюнча депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 25-январындагы протоколунун негизинде, коомдук угуулардын натыйжаларын эске алуу менен, айылдык кеңештин XXVIII чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2024-жылга карата калкты социалдык жактан коргоонун программасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Эдик Омурзакович Сартпаев:
- программанын аткарылышын камсыздасын;
- программанын жарым жылдык, тогуз айдык жана жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылыш отчетун берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Борончу уулу Н. жүктөлсүн.
Тѳрайым
З.М.Кочкорова
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук Первомайский айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-январындагы №2/3 токтомунун 1-тиркемеси
Первомайский айыл аймагынын 2024- жылга карата социалдык программасы
№
Тапшырма
Аткарыла турган иш-чара
Акча каражаты
1.
Жылдын башынан ата-энесинен камкордугусуз калган балдарга жеке план боюнча материалдык жардам көрсөтүү
Мектепке кийим кече, кыш мезгилине көмүр менен камсыздоо, 10 бала
200000
2
Жөлөк пул боюнча арыздын негизинде Социалдык райондук эмгек жана миграция бөлүмү тарабынан каржыланат
Жөлөк пул боюнча арыздар комиссиянын чечиминин негизинде каралат
3
15 февраль Афгандын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү
Үч катышуучу 5000 мин сомдон
15000
4
Дүйнөлүк социалдык адилетүүлүк күнүнө карата муктаждарга материалдык жардам көрсөтүү
Медициналык, материалдык жагынан көрсөтүү
10000
5
Чернобыль окуясынын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү
2 адамга 3000 мин сомдон
10000
6
1 июнь балдардын күнүнө карата
Үч айылдын балдарына балмуздак таратуу
35000
7
Ишке орноштуруу борбору боюнча жарандар жумуш менен камсыздалат. ( жай,жаз күз, айылды көрктөндүрүү боюнча.
Эмгек акысын 50% айыл өкмөтү , 50% ишке орноштуруу борбору каржылайт
10 киши 1800 сом.
8
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө 28,29-ст. жарандардын бул категриясы үчүн жумуш орундарын квота боюнча андан ары өнүктүрүү үчүн ден соолугугун мүмкүнчүлүктөррү чектелүү адамдарды жана интернаттык мекемелердин бүтүрүчүлөрүн зарыл эмгек шарттарын түзүү жана ишке орноштуруу жөнүндө
Айыл аймактыгы мекмелерге сурамжылоо иштери жүргүзүлдү
Бош жумуш орду ылайык келсе ,жумушка орноштуруу
9
Социалдык жактан аз камсыз, муктаж болгон үй-бүлөлөрдун балдарына мектепке барганга кийим кече, окуу куралдарга жардам көрсөтүү
Президенттин жарлыгы боюнча 2021-жылдын 13-декабрындан ПЖ №561 жардам көрсөтүлсүн
30000
10
Социалдык контракт 2021-жылдын 12 октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген төмөнкү артыкчылыктуу милдетери ишке ашырууга багытталган.Калктын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарылгыз жардам 100000 мин сом берилди
Первомай айыл аймакта бугунку кундө кайрылган уй-бүлөлөр жок
11
Карылар күнүнө карата 70- жаштан жогору карыяларга азык түлүк баштыкча таратуу
80 карыя
50000
12
Мумкунчулугу чектелген кышкы мезгилге көмүргө материалдык жардам көрсөтү
Мүмкүнчүлүгү чектелген , аз камсыз болгон үй-бүлө, 40 адамга 5000 сомдон
200000
13
Жаны жылга балдарга белек таттуу баштыкчалары таратылат
Аз камсыз, ата энесинин камкордугусуз , мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Аяз атадан таттуу баштыкчалары таратылат 50 бала
35000
14
Баткен окуясына катышуучуларга мат.жардам көрсөтүү
2 катышуучу
10000
15
Кургак учук орусу менен орууган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү
Транспорт чыгымдарына
5000
Баардыгы
600000 м.с.
Первомай айыл аймагында жашап ,эгер жогорку окуу жайда окуп,контракт(окуу жайга төлөнө турган каражаты)жетишсиз болуп жаткан студенттерге айыл өкмөту тарабынан жардам берилсин.
Аз камсыз болгон уй булөлөргө
Айылдык кенеште каралсын
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.