Папан айылдык кеңешинин «Папан айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мыйзамсыз курулуштар менен бирдикте ээлеп алган жерлерин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
2022-жылдын 24-октябрындагы № V
Папан айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мыйзамсыз курулуштар менен бирдикте ээлеп алган жерлерин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө Папан айылдык кеңеши айыл өкмөттүн №02-16/613 катын карап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291, 2022-жылдын 14-июнундагы № 318-токтомдорунун жер мунапысынын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобосуна ылайык токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүндөгү эски 1960-1970-жылдардагы мыйзамсыз жер ээлеп, үй салып алган жарандарга 0,25 га жер аянты.
2. 1970-1980-жылдардагы мыйзамсыз жер ээлеп үй салып алган жарандарга 0,15га жер аянты.
1980-жылдан кийин мыйзамсыз жер ээлеп ,үй салып алган жарандарга 0,8га жер аянты айыл өкмөт тарабынан мыйзамдаштырылып берилсин. Папан айыл өкмөтүндөгү 0,25гадан ашыкча жери, 0,15гадан ашыкча жери, 0,8га ашыкча жери бар жарандардын айыл өкмөткө арыз жазып, жерге кезеке турган балдарына тартылып берилсин.
3. Бул токтомду ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө Папан айылдык кеңешинин жер жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы:
Т.Тагаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 291 "Об утверждении Положения о порядке проведения земельной амнистии"Постановление · 31.05.2022 · № 291
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 июня 2022 года № 318 "О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 14.06.2022 · № 318