Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Баткен шаардык кенешинин «Шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана аярлуу катмардагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын колдоонун абалы жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 30-июлу № 61 Шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана аярлуу катмардагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын колдоонун абалы жөнүндө
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Баткен шаарынын аймагындагы Баткен райондук статистика комитетинин маалыматы боюнча 14044 жашы жете элек балдар катталган.
1. Баткен шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн Балдар иштери боюнча комиссиясына 2025-жылдын 6-ай ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндөгү Жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 сандуу токтому менен бектилген “Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө” типтүү Жобосуна ылайык башкармалыктын Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан 5 маселе сунушталып, 5 үй-бүлөнүн 5 баласына коргоо боюнча жеке иштөө планы түзүлүп каттоого алынган.
2. Соттун чечими менен 2025- жылдын 2-кварталында асырап алууга КРнын жарандарына 3 - бала берилген. Чет элдик жарандар асырап алуу камкордукка жана көзөмөлчүлүкө бала алуу боюнча кайрылган эмес.
3. Камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө – соттун чечими менен 2 берилген, башкармалыктын 6 айлык буйругу менен шаар боюнча камкорчулукка 1 бала берилген.
4. Ата-энесинин багуусунан эрте ажыраган (тоголок жетим) балдардын саны 12 бала.
5. Ата энесинин бирөөсүнүн багуусунан ажыраган (жарым жетим) балдардын саны 292 бала.
6. Майыптыгы бар 205 бала каттоодо турат.
7. Баткен шаарынын аймагында багып алуучу (фостердик) үй-бүлө болуу үчүн талапкерлер жана багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштырылган балдар жок.
8. Баткен шаарынын аймагында 2025-жылдын 6 ай ичинде Баткен шаары боюнча үй-бүлөлүк 1 учур жана балдарга карата зордук-зомбулук 1 учур катталган.
9. Баткен шаарынын аймагында ден соолугунан майыптыгы бар – 6 бала Психологиялык-медициналык педагогикалык комиссия (ПМПК) чечиминин негизинде атайын мугалимдердин жардамы менен үйдө окутулууда жана мектеп курагына жашы жетип бирок ден соолугунан майыптыгы бар - 5 бала Медициналык социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) коорутундусунун негизинде мектепте окууга мүмкүнчүлүгү жок балдар каттоого алынган.
10. Балдардын ден-соолугуна, руханий жана адеп-ахлак өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу, балдарга карата укук бузуулардын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, кылмыштардын, кырсыктардын алдын алуу боюнча дайыма иш-чаралар жүргүзүлүп, Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан массалык маалымат каражаттары аркылуу: жергиликтүү Баткен облустук медиа борборужана радио Салам “Ачык Микрофон” берүүлөр аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.
11. Ошондой эле, балдардын ден-соолугуна, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу, балдарга карата укук бузуулардын, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардын, кылмыштардын, кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чаралар дайыма жүргүзүлүп турат, тактап айтканда: шаардык мэриянын, райондук прокуратуранын, ички иштер бөлүмүнүн, казыят жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте 2025-жылдын февраль жана март айларында Баткен шаарынын “Базар-Башы”, “Келечек”, “Кызыл-Дөң” кварталынын ар бир мектебинде бүтүрүүчү класстардын окуучулары жана алардын ата-энелери менен жыйындарды өткөрүп, туура жашоо, жакшы тарбияга үгүттөө иштерин жүргүзүштү.
12. Баткен шаарынын аймагындагы соода сатык жүргүзүлгөн жерлерге жана ашкана-кафелерге Баткен ШИИБнүн ЖЖӨИнын инспекторлору, Баткен шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте тийиштүү 7 жолу рейддер жүргүзүлдү. Рейд учурунда балдарды эмгегин пайдаланууга тыюуу салынары эскертилип, түшүндүрүү иштери жургүзүлдү.
13. Андан сырткары, Баткен шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн иш-чаралардын негизинде Баткен шаарынын 6 аймактык башкармалыгында Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен биргеликте миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдү жана алардын балдарын аныктоо жана тактоо максатында үймө-үй кыдыруу жумуштары жүргүзүлүп, 2025-жылдын 2- кварталында миграцияда жүргөн 220 - үй -бүлөнүн 330 - баласы аныкталып ата-энеси миграцияда жүргөн жакын туугандарында калган баланы камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө алуу жөнүндө Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан камкорчуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
14. Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин талаптарын аткаруу максатында мыйзам менен чатагы бар балдар Баткен шаары боюнча 2025-жылдын 2-кварталына карата Баткен ШИИБнин ТКты тарабынан жашы жете элек балдарга 5 - кылмыш иши боюнча 6 жашы жете элек балага карата Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө келишим түзүлгөн. Жашы жете элек балдарга түзүлгөн келишимдер негизинде, Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан бала кармалган учурдан тартып баланын жана анын үй-бүлөсүнү реабилитациялоону жана коомдун татыктуу мүчөсү катары реинтеграциялоону камсыз кылат.
15. Баткен шаарында 2025-жылдын 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Баткен шаардык мэриясы тарабынан, А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драм-театрда “Биздин балдар – планетанын келечеги” аттуу майрамдык салтанаттуу иш-чара жана марафон откөрүлдү. Марафондо түшкөн акча каражаттары Баткен шаарынын ата-энесинин багуусунан эрте ажыраган балдардын депозиттик эсеп китепчелерине салынды.
Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинен 72.000 сом акча каражаты бөлүнүп, Баткен шаарынын аймагында жашаган кыргыз-тажик коогалаңда каза болгондордун, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана майып балдарга 72 балага ар бирине 1000 сомдон акчалай жардам берилди. 2025-жылдын 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата “Балдар - биздин жаркын келечегибиз” аттуу Баткен шаарындагы “Нур” күндүзгү реабилитациалоо борборундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жашы жете элек балдарга Баткен шаарындагы балдар үчүн эс алуу “Чудо-Парк” борборунда майрамдык салтанат өткөрүлдү. Жашы жете элек балдарды майрамы менен куттуктап, оюн-зоок уюштурулуп, балдарга жакшы маанай тартуулап, белектер берилди.
16. Зордук-зомбулуктарга кабыл болгон балдар жана ата-энелер үчүн 111 жана 117 – акысыз күнү түнү ыкчам ишеним телефондору иштеп турат. Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан купуялыкты сактоо менен балдарга жана ата-энелерге консультациялык-психологиялык жардамдар берилип турат.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы Токтом кылат:
Баткен шаарынын мэриясынын жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция кызматтарынын шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана аярлуу катмардагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин маалыматы жактырылсын
2.Шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдарын мамлекеттик колдоодон тышкары демөөрчүлүк колдоолорду уюштуруу менен көзөмөл жүргүзүлүп турулсун
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Ч.Ахмедовага тапшырылсын
Төрага:
А.Аширов
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын №_______ токтомуна
№1 тиркеме
Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Баткен шаарынын калктын аялуу катмарынын балдары
№
Маалыматтын аталышы
Баткен шаары
1
Балдардардын жалпы саны
14044
2
ТШО балдар (ИПЗР)
5
3
ТШО үй-бүлөлөр (ПИРС)
3
4
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар
205
5
Камкордуктагы жана көзөмөлдөгү балдар (ички буйрук менен берилген балдар)
1
6
Камкордукка сот чечими менен берилгендер
2
7
Асырап алууга берилген балдардын саны
3
8
Балдар үйүнө жайгаштырылган балдардын саны
-
9
Мектеп окуучулардын саны
7185
10
Окууга тартылбай калган мүмкүнчүлүгү чектелген балдар
5
11
Бала бакчадан тарбияланган балдардын саны
1889
12
Күбөлүгү жок балдардын саны
-
13
Профилактикалык каттодогу балдар
3
14
Ата-энелери миграцияда жүргөндөрдүн балдары
330
15
Фостердик үй-бүлөдө тарбияланган балдардын саны
-
16
Интернат мекемелеринде тарбияланган балдардын саны
-
17
Тоголок жетим балдар
12
18
Жарым жетим балдар
292
19
Инклюзивдик билим берүүнү камтыган билим берүү уюмдарынын саны
-
20
Инклюзивдик билим алган ДМЧ балдардын саны
-
21
Үйдө окутулган майып балдардын саны
6
22
Этникалык кыргыздардын балдарынын саны
29
Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы: С. Сатыбалдыев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 24 июля 2017 года № 449 "Об утверждении Типового положения о Комиссии по делам детей"Постановление · 24.07.2017 · № 449
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2015 года № 391 "Об утверждении Положения о порядке выявления детей и семей, находящихся в трудной жизненной ситуации"Постановление · 22.06.2015 · № 391