Үч-Коргон айылдык кенешинин «Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 26.06.2025-жыл №01-05/1571 катында суралып жаткан жеке ишкер А.Т.Базиевге кум-шагыл аралашмасын жана чопо-топурак казып алуу заводу куруу үчүн жер аянты ажратып берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Коргон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы 2025-жылдын 18-июлу № 8/2 Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 26.06.2025-жыл №01-05/1571 катында суралып жаткан жеке ишкер А.Т.Базиевге кум-шагыл аралашмасын жана чопо-топурак казып алуу заводу куруу үчүн жер аянты ажратып берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтому менен бекитилген “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик катоо жөнүндө” жобонун 11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосун бекитуу туралуу” №169 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү ” мыйзамынын 7-беренесине негиз, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
Үч-Коргон айыл аймагынын Боз участкасында кум-шагыл карьерин ачууга 15,0 га жана темир - бетон заводу курууга 5,0 га жер аянты Боз участкасынын №14182, №401, №414, №415, №448- контурундагы жалпы 20,0 га жер аянты “Айыл чарба жерлери” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ү.Рустам уулуга тапшырылсын.
Төрага
Б.Бердибеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 5 февраля 2019 года № 43 "Об утверждении Положения о государственной регистрации прав на добычу песчано-гравийной смеси и суглинков"Постановление · 05.02.2019 · № 43
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций»Закон · 26.12.2020 · № 12