Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Бирлик айылдык кенешинин «Бирлик айыл аймагынын административдик аймагында турган 419,5 га жер аянтын ААК “Хайдаркан сымап акционердик коомуна пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2025-жылдын 18-августу № 19 Бирлик айыл аймагынын административдик аймагында турган 419,5 га жер аянтын ААК “Хайдаркан сымап акционердик коомуна пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “жер казынасы жөнүндо” Мыйзамынын 7 жана 40-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 4-декабрь 2023-жылдагы №755-т Тескемесине негиз, ошондой эле ААК “Хайдаркан сымап АК” нун 2025-жылдын 12-мартындагы №05-103 саны менен Бирлик айыл өкмөтүнө жазылган каты боюнча Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровдун түшүндүрмөсүнүн негизинде, Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.ААК “Хайдаркан сымап акционердик коомуна” сериясы Б № 001815 идентификациондык номери 8-02-04-00010003 Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу Укугу жөнөндө мамлекеттик акты менен, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан 2002-жылдын 23-апрелиндеги №114 токтомунун негизинде катталып пайдаланып келген 1465,21 га жер аянтынын ичинен Бирлик айыл аймагынын административдик аймагында жайгашкан мамлекеттик жер аянты эсептелген “Западная” шахтасы жана кайра иштетүүчү фабриканын калдык сактоочу жайлары ээлеп турган 419,5 га жер аянтын мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы №755-т тескемеси, казып иштетүү максатында жер казынасынын пайдалануу укугуна берилген №7440 МЕ Лицензия “Хайдаркан-2” жана Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2024-жылдын 17-январындагы №01-13/122 корутундусунда көрсөтүлгөн жалпы 152га жер аянтынын ичинен Бирлик айыл аймагынын административдик аймагына тийиштүү болгон 36,45га жер аянты 2043-жылдын 7-ноябрь айына чейин убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
3. ААК “Хайдаркан сымап акционердик коому” менен жерди убактылуу иштетүү боюнча эки тараптуу келишимди мыйзам чегинде түзүүБирлик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго жүктөлсүн.
Төрага:
Н.Гафуров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 4 декабря 2023 года № 755-р (О предоставлении прав пользования недрами)Распоряжение · 04.12.2023 · № 755-р