Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №15
« Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 20.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3726 сандуу катты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципиалдык мүлктү эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо, акты №1,2- тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик Реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Турдубеков О.Т.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.