Майлуу-Суу шаардык кеңешинин “Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IV чакырылышынын 2006-жылдын 27-декабрындагы XVI сессиясынын “Аймактык ѳз алдынча башкаруу органдарын түзүү жѳнүндѳ” №16-4-1 токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-3
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IV чакырылышынын 2006-жылдын 27-декабрындагы XVI сессиясынын “Аймактык ѳз алдынча башкаруу органдарын түзүү жѳнүндѳ” №16-4-1 токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин X-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IV чакырылышынын 2006-жылдын 27-декабрындагы XVI сессиясынын “Аймактык ѳз алдынча башкаруу органдарын түзүү жѳнүндѳ” №16-4-1 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. “Кашка-Терек”, “Бедре-Сай” аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү 2025-жылдын 01-февралынан токтотулду деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңешинин төрагасы:
Д.Атамырзаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.