Мады айылдык кеңешинин “Мады айыл аймагынын Лаглан айылынын аймагынын коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында коомдук таяныч пунктун курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V кезектеги сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 5/12
“Мады айыл аймагынын Лаглан айылынын аймагынын коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында коомдук таяныч пунктун курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”
Мады айыл аймагынын Лаглан айылынын коомдук тартипти камсыз кылуу, жарандардын коопсуздугун сактоо, жол кырсыктарынын, кылмыштуулуктун, мал уурулуктун жана башка укук бузуулардын алдын алуу максатында ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүү жөнүндө Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековдун 2025-жылдын 4-апрель № 89 сандуу катынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 “Укук бузууларды алдын алуу жөнүндө мыйзамынын 10-беренесинин негизинде коомдук таяныч пуктун курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базиевдин билдирүүсүн Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл аймагынын Лаглан айылынын аймагынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында коомдук таяныч пуктун курууга 0,05 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин бөлүп берүү жана тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо жагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К. Алимбековго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология жаратылышты коргоо, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К.С.Темирбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «Об основах профилактики правонарушений»Закон · 05.05.2021 · № 60